Интернет желелерине кичинекей бала менен кыздын тойдо макал айтышып жатканын чагылдырган чакан видео тарап, баланын сөз тапкычтыгына тамшанып, видеону бөлүшүп, пикир жазып, күлгөндөрдүн саны артып жатат. Ал макал таппай калган учурда "Сабырдуу болгула кыздар!", "Эркекке элүү өнөр аздык кылат", "Бешке бешти кошсо, он болот" деп макал айтып, тойго келген меймандардын сүймөнчүлүгүнө татыган. Мындан сырткары, ага тамада "чоңойгондо ким болосуң?" деген суроосуна "президент" болом десе, "кимге окшош болосуң?" деген суроого "Сокеге окшош болом" деп жооп берген.
Бул жолку "Интернет жылдызы" рубрикасынын каарманы дал ошол тойдо өзгөчө макалдары менен элдин эсинде калган Байгазы Нургазы уулу болду. SUPER.KG порталы Байгазы, анын таятасы Эсен Орозбаев жана тойдо тамадалык кылган Акбарали Айтбаев менен байланышып, алардын пикирин укту.
Интернет жылдызына айланган Байгазы Нургазы уулу учурда Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Кичи-Алайда таятасы менен бирге жашайт. Ал 2-класста окуйт. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси.
"Неберемдин ата-энеси Гүлбаар айылында жашайт. Байгазыны өзүмө алып, багып алганмын. Тойдо отурсак эле неберем кыздар менен макал айтышып жатыптыр. Анын айткан сөздөрү баарына жагып, отургандар аябай күлүштү. Балам абдан зирек, мектепте жакшы окуйт. Айтылган нерселерди илип алууга абдан жөндөмдүү", - деди таятасы Эсен Орозбаев.
Ал эми кичинекей Байгазы окуя тууралуу буларга токтолду. Айтымында, ал таймашта кыздарга жеңилип берүүнү каалаган эмес.
"Мен тойдо жеңилип калбоонун аракетин көрүп, оюмдан чыгарып сүйлөп салдым. Анткени таймашта кыздардан жеңилип калууну каалаган жокмун. Мен чоңойгондо куудул эмес, президент болгум келет. Мектепте жакшы окуйм, ар кандай иш-чараларда ырдап, бийлеп турам", - деди ал.
Ал эми ал күнү жакшылыкты алып барган Акбарали Айтбаев той жөнүндө жана окуя тууралуу айтып берди.
"Аталган той Ош шаарындагы тойканалардын биринде өткөн. Сүннөт тойдун болгонуна 2 айдын жүзү болуп калды. Тойдо көбүнчө жаш балдарга көңүл бөлүнөт эмеспи. Аларга оюн уюштуруу максатында балдар, кыздарды сахнага чакыргам. Оюм алардын таттуу тилдери менен макал айтыштыруу болчу. Анчалык деңгээлде кичинекейлердин айткан макалдары популярдуу болуп кетээрин билген эмесмин.
Байгазы жөнүндө көп айтылып жана жазылып жатат. Чынында, бала тойдогудай эмес, абдан жоош экен. Мен көбүнчө ага макалды өзүм үйрөтүп турдум. Таппай калганда күлкүлүү сөздөрдү кайталасам, элдин баары күлгөн болчу. Мындай оюндарды тамадалык ишмердүүлүгүмдө көп кылам. Бирок бул жолкусу элге бат тарап кетти. Байгазынын жоош деп айтып жатканымдын себеби аны менен тойдон кийин дагы сүйлөштүм. Негизи баланын куудулдук өнөрү жок. Бирок көпчүлүгү аны кудуул экен деп комментарий калтырышыптыр. Ал жүрөгү өзгөчө таза, жароокер сонун бала экен", - деди ал.
Мындан улам биз "сиз балага макалды үйрөтүп турсаңыз, анда таймаш акыйкатсыз өттүбү?" деп суроо узаттык.
"Негизи ал жерде чоң белек кыздарга берилген. Видеодо көрүнүп тургандай, артыбызда көп белектер турат. Тарап кеткен видеодо Байгазынын гана белек алган жери кыркылып калган. Анткени отурган коноктордун көпчүлүгү баланын айтканына күлүп, аны колдогону үчүн биринчи ага белек ыйгарылган. Андан кийин гана гран-при макалды туура айткан кызга берилген. Мен өзүм Байгазыны жакшы көрүп, ага белек берем деп жеке баракчама жаздым эле. Ал жерде элдин баары "эмне белек бересиз?" деп сурашкан болчу. Мен Байгазы иниме кышкы кийимдерди алдым. Буюрса, аны үйүнө жеткирип берем", - деди тойдо тамадалык кылган Айтбаев.