Дүйнөдөгү эң улуу жашоочу 117 жашын белгиледи

Дүйнө жүзүнүн эң улуу жашоочусу Канэ Танака карылар үйүндө 117 жашын белгиледи. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Ага ылайык, ал Япониянын жараны. Карылар үйүнүн жетекчилиги торт, шар жана шамдар менен туулган күндүк кече уюштуруп берген. Кеченин эң негизги сыйлуу тамагы болуп, кулпунай жана крем менен кооздолгон торт болгон. "Абдан даамдуу экен, дагы каалап жатабыз" деген кеченин күнөөкөрү.

Канэ Танака "Гиннесстин рекорддор китебине" 2019-жылдын 9-мартында эркектердин жана аялдардын арасынан дүйнө жүзүндөгү эң улуу жашоочусу катары кирген. Ошол убакта ал 116 жашта болгон.

Канэ Танака 1903-жылы 2-январда Фукуока аймагында туулган. Үй-бүлөдө 9 бир туугандын жетинчиси болгон. Ал 19 жашында анча чоң эмес дүкөндүн ээси Хидэо Танакуга турмушка чыгып, беш баланы тарбиялап, өстүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2020-01-06 14:23:48
Беш баласы, небере чөбөсү дагы келип куттуктап койбойт беле.
+2
murat17
2020-01-06 19:10:16
гана мусулмандар онукпойт башка диндегилер сонун жашайт деген Тпойлор коргуло башкалар ата-энесин кантип сыйлаганын эмесе Япония бай олко исламда бейиш эненин таманында деп айтылат ата ыраазы болбосо бала бейишке кирбейт деген накыл создор бар куранда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан