Австралияда 2019-жылдын октябрь айында токойдо өрт чыгып, ал бүгүнкү күнгө чейин өчүрүлө элек. 5 миллиондон ашуун гектар аймакты жалмаган өрттүн кесепетинен 24 адамдын өмүрү кыйылды, андан тышкары 30дай киши дайынсыз болууда. Мындан тышкары, 500 миллиондон ашуун жандык, анын арасында 8 миңдей коала күйүп кеткенин батыш маалымат булактары жазып чыгышты.
Кечээ, 5-январда австралиялыктар социалдык тармактарга "Австралияда жамгыр!" деген кубанычтуу билдирүү менен сүрөт жана видеолорду жарыялашты. Жамгыр жергиликтүү тургундар күткөндөй катуу жана өлкөнүн бардык аймактарында жааган эмес. Бирок австралиялыктар жамгырдын жааганы масштабдуу өрттү өчүрүүгө мүмкүн экенинен кабар берип жатат деп кубанышууда.
Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон тилсиз жоого каршы армиянын 3 миңдей аскери тартыларын билдирди. Коргоо министри билдиргендей, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу аскерлер өрттү өчүрүүгө катышат.