Якутияда Улуу Ата Мекендик согуштун 75-жылдыгына арналган 2-эл аралык "Сууктун полюсу" аталышындагы экстремалдык марафон болуп өттү. Анын катышуучулары -45 градуста 42 чакырымга чуркашкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Жазылган маалыматка ылайык, 18 жаштан 39 жашка чейинки мырзалар арасында биринчи орунду жеңил атлетика боюнча республикалык мелдештердин бир канча жолку чемпиону Василий Лукин ээлеген. Ал 42 чакырымды 3 саат 32 мүнөттө багындырган. Ал эми айымдар арасындагы жеңишти Александра Митина жеңип алган. Ал 42 чакырым аралыкты 4 саат 33 мүнөт 43 секундда басып өткөн.
Марафондун максаты ден соолукту бекемдөө, жаштарды марафон жарышына чакыруу. Мындан сырткары, Орусия, Якутия тарыхындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эрдиктерин, эмгектерин даңазалоо болгон.