Белгилүү спортчу Мария Шарапова Австралиядагы өрттү өчүрүүгө 25 миң доллар жардам катары берерин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"15 жыл бою январь айында Австралияда жашадым, ал менин үйүмдөй эле. Тилсиз жоо өлкөнү, жаныбарларды, токойлорду жок кылып жатканын карап туруу оор. Жардам катары 25 миң доллар бөлүүгө даярмын. Новак Жокович бул сумманы кайталай аласыңбы?", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.
Новак азырынча эч кандай жооп кайтара элек. Ал буга чейин өлкөдө абанын булганышы уланса, "Чоң шлем" турниринин башталышын жылдырууга туура келерин айткан.
Новак Жокович белгилүү сербиялык теннисчи, "Чоң шлем" турниринин 16 жолку жеңүүчүсү.