1000 доллар пара менен Бишкек ШИИББинин бөлүм башчысы кармалды

УКМК пара алып жаткан жеринен Бишкек ШИИББинин бөлүм башчысы Ахмад Мухамедалиев кармалганын кабарлады. 16-августта УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы укук коргоо органдарындагы коррупциялык иштер боюнча текшерүү жүргүзгөн. Мухамедалиев 1000 доллар пара менен кармалды. Ал Кыргызстанга унаа ташыган жеке ишкерден 1,5 миң доллар талап кылганы белгилүү болду. Факты боюнча пара талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө башталды.  
 
 

 

1000 доллар пара менен Бишкек ШИИББинин бөлүм башчысы кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан