Финляндиянын 34 жаштагы премьер-министри Санна Марин өлкөнү 4 күндүк жана 6 сааттык иш күнүнө өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
"4 күндүк жана 6 сааттык иш күнү. Эмне үчүн мындай кадамга барууга болбойт? 8 сааттык иш күнү чындыктын акыркы инстанциясы деп ким айтты? Менимче, адамдар көп убактысын өзүнүн үй-бүлөсү менен өткөрүп, калган убактысын жашоонун негизги аспектилерине жана сүйүктүү хоббисине бөлүшү керек. Балким бул биздин жаңы жумуш этабы болот", - деген премьер-министр Санна Марин.
Азыркы убакта финдер 5 күн жана 8 сааттык иш күнү менен иштешет.
Билим берүү министри Ли Андерссон дагы бул идеяны колдоорун билдирген. "Финляндиянын жарандарына аз иштөө мүмкүнчүлүгүн берүү керек. Шайлоочуларга берилген убадаларды аткаруу үчүн мыкты жашоо шарттарын түзүп берүү зарыл", - деген ал.
6 сааттык жумуш күнүн коңшу Швеция өлкөсүндө эксперимент жүзүндө сынап келишет. 2015-жылы Швециянын Гётеборг шаарында шаардык ооруканада 6 сааттык жумуш күнү киргизилген, бирок буга карабай алардын маянасы азайган эмес. Эки жыл өткөн соң мыкты жыйынтыктар болорун байкашкан. Жумушчулар ыраазы болуу менен иштеп, жумуштун сапаты жогорулаган. Швециядагы "Toyota" корпорациясынын филиалы дагы ушундай режимге өткөн. Муну менен алар жумуштун өндүрүмүн жогорулата алган.