6-январда Кыргыз-Өзбек чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон 520 баш майда мал-жандыктары кайтарылып берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз- Өзбек мамлекеттик чек ара аймагынын такталбаган аймагында орун алган чыр-чатактын негизинде Ала-Бука району боюнча жана Өзбекстандын Пунган багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап чыр-чатактардын күчөп кетпөө чараларын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбек тарап мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагынан жайылып жүргөн жеринен өтүп кеткен 520 баш майда мал-жандыктарды Кыргыз тарапка кайтарып берген. Ал эми Кыргыз тараптын мал-жандыктарынын ээси болсо Өзбекстандын аскер кызматкерлерине арыз-доосу жок экендигин билдирди.
Чек арачылар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун укук коргоо органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүгүзүшүүдө.
Азыркы учурда Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт", - деп жазылат маалыматта.