Нигериянын түндүк-чыгыш тарабындагы Борно штатында террордук жардыруу болуп, кеминде 30 киши курман болду. Бул тууралуу батыш жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришти.
Маалыматка ылайык, жардыруу 6-январь күнү жергиликтүү убакыт менен саат 17:00дө эл жыш жайгашкан көпүрөдө орун алган. Күбөлөрдүн айтымында, кеминде 30 жаран курман болсо, дагы 35 киши ар кандай жаракаттарды алып, жакынкы ооруканаларга жеткирилген.
Азырынча бир дагы уюм жардырууну моюнуна ала элек. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул аймакта "Боко Харам" жана "Ислам мамлекети" террордук уюмдары кеңири тараган.