Жер планетасынын Күнгө жакындаганы айтылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Орусиялык астроном Александр Якушечкиндин ЖМКлардын бирине берген маегинде Жер Күнгө эң жакын аралыкта жайгашкан орбита чегине - перигелейден өткөндүгүн билдирген.
“Жер орбитасынын перигелейи Күндөн 147 098 291 чакырым аралыкта экени белгилүү болду. Бул кадимки алыстыктан 2,5 миллион чакырымга жакын дегенди түшүндүрөт. 5-январда Жер планетасынын орбита чеги өзгөргөнүн, Күндүн көрүнүп турган диаметри орточо көлөмдөн 1,5 пайызга чоңоюп калганынан улам байкалган”, - деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулар мындай астрономиялык көрүнүш Жер планетасынын климатына орчундуу таасир тийгизбешин айтып келишет.