Кыргыз-Өзбек чек арасындагы учурдагы абалды айылдын жашоочусу айтып берди

Кечээ, 6-январда Кыргыз-Өзбек чек ара аймагында Кыргыз жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда чыр-чатак орун алган. Анда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына караштуу Ак-Курча жергесинде Кыргыз жарандарына тиешелүү болгон майда мал-жандыктар жайылып жүргөн жеринен Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин мал-жандыктар Кыргыз жарандарына өткөрүлүп берилген.

Бүгүн, 7-январда SUPER.KG порталы аталган айылдын жашоочусу болгон Абдималик Коргонбаевге байланышканда, учурдагы абал боюнча айтып берди.

"Абал жалпысынан тынч. Кечээ эки тараптын тийиштүү кызматкерлери сүйлөшүп, малды кечинде өткөрүп беришти. Буга чейин дагы биздин мал-жандыктар чек аранын аймагынан өтүп кеткенде, чек ара кызматынан "экинчи уруш, жаңжал болбойт, мал өтүп кетсе акырын айдап чыгып беришет" деп айтышкан. Бирок андай болбой жатат да. Балким эртең деле ушундай жаңжалдар болушу мүмкүн", - деди ал.



Кыргыз-Өзбек чек арасындагы жаңжал
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaznura
2020-01-07 11:19:04
Малдар малды айдап алганбы?
+1
Alimbek1000
2020-01-07 11:19:21
Мадумаров каяктасың?
+1
Jelezo
2020-01-07 12:03:50
Alimbek1000, бирөөгө тийишбей өз милдетиңди аткарсаң
0
chake
2020-01-07 11:25:34
Чек араны бекемдөө иштерин жандандыруу керек илгери СССРдин убагында мындай заман болорун кайдан билмек элек
+2
bekmaral
2020-01-07 15:14:23
Озбекстандын аймагына эмес такталбаган жерге Эмне сразу супер озбекстанга откозуп койдунар такталбаган жерди же алар акча толодубу силерге.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан