Азербайжандык 2 жаран Орусиядагы кош бойлуу кыргызстандык аялды сабаган

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргызстандык кош бойлуу аялды сабаган Азербайжандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары билдирди. 14-август күнү аялды үйүнүн жанынан белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Ээн жерге алып барышып, кылмышка шектүүлөр жабырлануучунун зер буюмдарын чечип алышкан жана сабашкан. Соккудан аял көп кан жогото баштаганда кылмышка шектүүлөр аны шаардык ооруканага жеткирүүгө аргасыз болушкан. Ооруканада кош бойлуу айымга аборт жасалып, үйүнө чыгарылган, ымыркайынан айрылды. Бул иш боюнча Екатеринбург ШИИБинин кызматкерлери тарабынан 42 жаштагы аял жана 19 жаштагы жигитт кармалды. Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kanu
2013-08-19 15:41:45
карасанар,устундо отургандар,патриотмун деген кыргыз жигиттери ушуларды окуп куйбойсунорбу,эсли мен эркек болуп колумдан келип турса озумду кылгандай кылып чуркап журуп жазасын толугу менен алдырмакмын.
+2
acer11
2013-08-19 17:24:47
kanu, может ал келин ошол Азербайжандык жигит менен кыз жигит болуп журбосун.
0
aruuzat88
2013-08-19 16:58:51
Жазасын алышсын,арам тамак аш болбойт деп ушуну айтатда.
0
sydykova.janna1989
2013-08-19 20:02:09
Ой тообо кудай озу сактасын а так мен деле Екатеринбургдамын мындайды укпаптырмын
0
Nurbek89
2013-08-19 22:10:03
Ото кайгылуу окуя болуптур!Кыргыздар кайсыл жерде болбосун жаман окуяга туш келишсе журок сыздайт! Кыргыздар дайыма бир бололу болунбой!бири-бирибизди колдойлу кайсыл жерде болбойлу! Кыргыз учун жан куйдуройлу! ошондо бизге эч ким кол которуп да,соз да кыла алышбайт! бир бололу Кыргызым!
+2
novayariga
2013-08-20 09:01:55
Бул жерде коп сыр жаткандай менимче. Ошол жигиттен боюна болуп алдырбайм десе, "разборка" кылышса керек да апасы менен келип. Жондон жон сабап ,тоногон адам кайра алып келмек беле оору канага
+2
admin_superstan
2013-08-20 09:53:40
Nurbek89, улутка жаңы ат берүүнүн кажети жок.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
Mirbek.83
2013-08-20 10:04:09
Чындап эле бир сыр жатат ортодо оздору уурдап,уруп,тоноп анан больницага жакын жерге алып келет значить тааныш болушканго дейм.
+2
aidai88
2013-08-20 23:11:51
Колун сынгырлар кош бойлуу аялды сабаган.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан