Орусиянын бир катар маалымат каражаттары Хабаровск шаарында 1 жашка чыга элек ымыркайдын сууктан чарчап калганын жазууда. Андагы маалыматка ылайык, аталган шаарда бала чарчап калган күнү -15, -20 градус суук болуп жаткан. Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги ымыркай тоңуп чарчап калганын, аны ата-энеси балкондо калтырганын жазган.
Жергиликтүү маалымат каражаттары окуянын чоо-жайын толук териштирүү мүмкүн болбой жатканын жазышууда. Анткен менен баланы апасы коляскага жаткырып, таза абада уктасын деп балконго алып чыгып койгондугу, бала ал жерде 5 саат жатканы жазылган. Бирок беш сааттан кийин анын денеси муздап калганы белгилүү болгон.
"Баланын 40 жаштагы апасына "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги майрам күндөрүнүн аралыгында ата-энелерди балдарга карата кылдат болууга чакырган.
"Алдыда дагы бир нече майрам күндөрү бар. Дал ушул учурда балдар менен байланышкан кырсыктар 25-30 пайызга көбөйөт. Күйүп, бийиктиктен кулап, музга жыгылып, суукка урунуп, фейерверктерден жабыркап келгендердин саны көп болот. Мындан улам өзүңүздөрдүн жана өзгөлөрдүн балдарына аяр мамиле жасоого чакырабыз", - деп жазылат мекеменин маалыматында.