Баткенде күйөөсү сабап өлтүрдү делген келиндин кошунасы: "Ооба, күйөөсү сабачу"

3-январь күнү Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында 26 жаштагы келин менен 7 жылдан бери чогуу жашаган күйөөсүнүн ортосунда уруш чыгып, чырдын кесепетинен келин каза болгон. Маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзүшкөндө, күйүктөн улам колу-бутунун териси шылынган жаракаты бар экени аныкталган. Бул үй-бүлөнүн аты-жөнүн атагысы келбеген кошунасы окуя боюнча буларды айтып берди.

"Маркум келин аябай жакшы адам болчу. Жөнөкөй, адамгерчиликтүү. Алыстан болсо дагы саламын берип, үйүндө эле үй жумуштары менен алек болуп жүрө берчү. Биз билгенден күйөөсү экөө Орусияга дагы барып, иштеп келишкен. Келин өзү Оштон болот экен. Анын сөөгүн туугандары ошол жакка алып кетишти деп айтышты.

Күйөөсү аны сабап жатканын бир-эки жолу көргөм. Күйөөсүнүн ата-энеси жакшы адамдар. Кошунамдын үч баласы жаш калышты. Денесин күйгүзгөн деп да жатышат. Бирок эмне болуп каза болгонун так билбейбиз", - деди кошунасы.

Кечээ, 6-январда аялын өлтүрө сабаганга шектелген жаран камакка алынганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
yrmat88
2020-01-07 12:57:16
Аял кишиге болгон эскиче мамиледен кутулууга мезгил жетти. Азыр дин башында турган молдолор атайлап кыздар жөнүндө терс пикирлерди уюштуруп жатасыңар. Бузулган, шайтан, азгырык деген сыяктуу. Мындай XXXX кутулмайынча, кыз кишинин кадыр баркы бизде согончоктон өйдө көтөрүлбөйт.
-9
Gen_fanat
2020-01-07 13:20:08
Ислам дини аялдарга пайдасы кооп дин. 1) Бейиш эненин таман астында 2) Аял кишини өз баласын жана үй иштери менен алек болсун деген. 3) Аял кишиге Адам тарбия кыл деген
+3
katerina.li
2020-01-07 13:59:09
Gen_fanat,кооз созду суйлогонго машпыз. Тимеле мындай карасасанар бейиштен эле чыккан адамдайсынар. Мындай келгкенде зоокур болосунар. Бутун куйгузуп,этин шылып алгандан кийин кайдагы бейиш тамандын астында болот. Антпесе 3 баласын ойлосо мындай ишке бармак эмес. Кой,ушу балдарым бейишсиз калбасын деп. Исламбы бетке жамынган эркектер,аялдар кобойду. Печалька
+3
Avrora2017
2020-01-08 03:25:31
katerina.li туура кошулам, ачуу чындык
-2
Kyrgyz_bloger
2020-01-07 14:25:44
Атеисттер тенирчилер мнеге темадан алыс доодуроп жатасынар,бул жерде диндин эмне тиешеси бар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан