Таиланд, Дубай... Кыштын суугунан качып, жылуу өлкөгө саякатка чыккан жылдыздар
Жыл жаңырары менен чет өлкөгө сапар алуу адатка айланып баратат. Бул жолу кыштын суугунан качып, жылуу өлкөгө саякатка чыккан белгилүүлөрдү топтодук.
Ырчы, алпаруучу Анжелика кыздары менен Араб Эмираттарына барышты. Ырчы саякатын андан ары улантып, круиздик кеме менен Персид булуңун көрдү. Кемедеги бир апталык эс алуудан кийин Анжелика айым кыздары менен Катар мамлекетине бет алды.
Жаш ырчы Айымжан Айылчиева жылдын башталышы менен экзотикалык өлкөгө сапар алды. Ырчы учурда Таиландда эс алып жүрөт.
Ырчы Гүланда бул ирет үй-бүлөсү менен Дубайда саякаттап жүрөт. Ырчынын айтымында, быйыл бешинчи жолу кыш мезгилинде жылуу өлкөгө саякаттап жатышат.
Таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызы Дария менен 2020-жылдын башында саякаттап келүү үчүн Дубайга кетишти. Бул саякатка Нурлан Насиптин ата-энеси, Асел Кадырбекованын апасы жана иниси дагы барды. Асел айымдын айтымында, дайыма жылды жаңы пландарды коюу менен баштайт. Быйылкы жылды ал ата-энесине, жолдошуна белек жасоо менен баштаган. "Жолдошума жана ата-энеме айтпай, саякатка жолдомо алып жатып аябай толкундандым", - дейт ал.
Жылуу өлкөдө эс алууну тандагандардын катарында актёр жана шоумен Радик Эшимов менен жубайы Айканыш дагы бар. Алар достору менен Дубайда эс алып жүрүшөт.