Валентина Шевченко UFC уюмунун эң көп маяна алган 10 мушкердин катарына кирди. Бул тууралуу Harcord.com порталы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, Шевченко UFC беттештеринен жалпысынан 1 миллион 139 миң АКШ долларын тапкан. Бул сумма мындан дагы жогору. Себеби негизги төлөмдөн сырткары, спортчу телевизиондук берүүлөрдөн дагы каражат алып турат.
Спортчу UFC уюмунун беттешине алгачкы жолу 2015-жылы октагонго чыккан.
Айта кетсек, буга чейин Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыккан.