Австралиялык актёр Крис Хэмсворт 1 миллион доллар акчасын өлкөдөгү тилсиз жоодон жабыркагандар үчүн жардам катары берет.
“Сиздер сыяктуу эле мен дагы токойдогу өрт менен күрөшүүнү колдогум келди. Мен жана үй-бүлөм өрттөн жабыркагандарга салым катары миллион доллар кошумча кошобуз. Сиздер дагы окуяга кайдыгер карабай, өз салымыңыздарды кошосуздар деп үмүт кылам”, - деп жазган ал социалдык тармактагы жеке баракчасына.
Актёрдун айтымында, акча тилсиз жоодон жабыркагандарга жумшалат. “Алды жакта өрт менен күрөшүп, жабыркап, жараат алгандар сөзсүз колдоого муктаж” деп билдирген ал.
Хэмсворт Австралиядагы өрттөн жапа чеккендерге жардамдашкан биринчи дүйнөлүк жылдыз эмес. Буга чейин австралиялык жана америкалык актриса Николь Кидман жарым миллион доллар акчалай жардамын аймактык өрт өчүрүү кызматына берген. Мындан кийин ага ырчы Пинк кошулуп, ал 500 миң доллар бөлгөн. Аталган кайгылуу окуядан жабыркагандарга жардам көрсөткөн белгилүүлөрдүн тизмесине актриса Хилари Дафф, ырчы Селена Гомес, актёр Рассел Кроу жана башкалар кошулган.
Австралиядагы өрттөн жапа чеккендерге жардам берүү дүйнөлүк спорт жылдыздары тарабынан дагы жүргүзүлүүдө. Алар дагы кайгылуу окуяга кайдыгер карабай, колдорунан чыккан акчалай жардамдарын көрсөтүшүүдө. Алардын арасында австралиялык теннисчи Ник Кирьос, орусиялык теннисчи Мария Шарапова бар.
Белгилей кетсек, Австралия өлкөсүнүн аймагында өткөн жылдын, тагыраагы, 2019-жылдын октябрь айында өрт чыккан. Токойду каптаган тилсиз жоо бүгүнкү күнгө чейин өчүрүлө элек. 5 миллиондон ашуун гектар аймакты жалмаган өрттүн кесепетинен 24 адамдын өмүрү кыйылып, 500 миллиондон ашуун жандык, анын арасында 8 миңдей коала күйүп кеткенин батыш маалымат булактары жазып чыккан.
Ал эми 5-январда австралиялыктар өлкө аймагында жамгыр жааганын видео, сүрөттөр аркылуу билдиришкен болчу.