Казакстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы жаза катаалдады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Буга чейин үй-бүлөгө тынчтык бербеген адамга жаза катары айып салынып келсе, эми 2020-жылдан баштап алар камакка алына баштайт.
“Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жабырлануучунун денесине жеңил залака келтирилсе, ал 15 суткага камакка алынат же ага эскертүү берилет. Кол көтөрүп, бирок андан жабырлануучунун ден соолугуна доо кетпесе, 10 суткага камалат же эскертүү берилет. Эгер зомбулуктар кайталана берсе, эскертүүсүз 20 суткага камакка алынат”, - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, мурда Казакстанда мындай жорук үчүн адам айып пул гана төлөчү. Анда ал акчаны үй-бүлөлүк жалпы бюджеттен төлөгөндүктөн, кайрадан эле жакындарына зыян келтирген болот. Мындан улам Казакстандын күч органдары мындай жорук үчүн айып пул гана салуу жетишсиз экенин айтып чыгышкан.