Дональд Трамп Австралиянын премьер-министрине өрткө каршы күрөшүүдө жардам берүүнү сунуштады

АКШнын президенти Дональд Трамп Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда өрттүн кесепетинен курман болгондорго көңүл айтып, жардам берүүнү сунуштады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар расмий булактарга таянып жазып чыгышты.

Анда "АКШнын президенти Австралиядагы кырсыкка терең кайгыруу менен өрттүн кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айткан. Мындан сырткары, Дональд Трамп Австралия өкмөтүнө өрткө каршы күрөшүүдө жардам көрсөтүүнү сунуштаган", - деп жазылган.

Буга чейин белгилүү болгондой, Австралиянын Канберра шаарында өрттүн жана коюу тумандын айынан мамлекеттик мекемелер, музейлер, бала бакчалар жана көңүл ачуучу жайлар өз иштерин токтотууга мажбур болушкан. "The New York Times" басылмасынын маалыматына караганда, 6-январга карата өрттүн кесепетинен 23 адам каза болуп, бир канча миллион жаныбарлар кырылган. Мындан сырткары, 1 жарым миллион үйлөр кыйраган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Maksat_ad
2020-01-07 20:32:20
США дан жардам албагыла башкасындан алсанарда
+2
akmanai
2020-01-08 03:01:45
Негизи колунан келген баардык мамлекеттер жардам колун сунса жакшы болмок.
+2
suban78
2020-01-08 07:35:43
АКШ бизге да буудай, май сыяктуу нерселерди берип келген убагында. Жакшы жагыделе коп
0
KAYRATBEK
2020-01-08 15:15:07
suban78,акш нын жакшы жагынан жаман жагы коп. Бир тонна ун берип 2 тонна ун алгысы келет булар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан