Жидда аэропортунда умра зыяратына барган 80 жаштагы өзбекстандык карыя алданып акчасыз калган. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
“Өзбек жараны Сауд Арабиясына умрага баруу үчүн жеке адамдар менен макулдашкан. Алар карыяны мейманкана, тамак-аш менен камсыз кылып, аны коштоп жүрө тургандыктарын убадалашкан. Бирок 1-январда Жидда шаарына учуп барганда аны эч ким тосуп алган эмес”, - деп жазылат маалыматта.
Алданып калган 80 жаштагы карыяга Өзбекстандын консулдугу жардам көрсөткөн. Карыя кичи ажылык зыяратын аткарууга мүмкүнчүлүк алганы белгилүү болду.