Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлгөн генерал Сулейманини акыркы сапарга узатууда 35 адам каза болду

3-январда Иранда экинчи таасирдүү адам болгон генерал Касем Сулеймани АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлгөн. Маркум генералды акыркы сапарга узатуу зыйнатына миллиондон ашуун адам келип, тыгын жаралды. Мындан улам 35 адам каза болгонун, дагы 190 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып жакынкы ооруканаларга жеткирилгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, коштошуу зыйнаты бүгүн, 7-январда Касем Сулейманинин туулуп, өскөн жери Керман жана башка бир нече шаарларда өттү. Ага миллиондон ашуун адам келип, көчөлөрдө адамдардын тыгыны пайда болгон.

"Акыркы сапарга узатуу иш-чарасына келгендердин айрымдары массалык түрдө чогулган элдин тыгынында каза болду. Жабырлануучулар медициналык борборлого жеткирилди", - деп билдирген шаардык "Тез жардам" кызматынын жетекчиси.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруп жаткан комитеттин өкүлү элдин көптүгүнөн улам маркумду жерге берүүгө үлгүрбөй калышы мүмкүн экенин билдирди. Ал эми ирандык басылмалар Сулейманинин сөөгүн жерге берүүнүн жаңы убактысы жакынкы аралыкта айтыларын жазып чыгышты.

Ирандын айрым шаарларында генералдын өлүмүнө байланыштуу массалык акция өтүп жатат. Акциянын катышуучулары Сулейманинин сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nematovich.90
2020-01-07 18:01:07
Имам Махди Иран тараптан чыгат деп уккан элем Дональд озуно озу олум тилеп жатат
-1
Alia82
2020-01-07 19:47:19
nematovich.90,ал ким, тушундуро кетсен
+1
karashire
2020-01-08 14:22:11
Alia82, Кыяматка жакын калганда чыгат аты айтылып тургандай Имам Махдий
0
akmanai
2020-01-07 18:21:18
Миллион адам коштошуу зыйнатына келсе, демек тушунуктуу элинин суйуктуу уулу болгону
+19
Kalmurzaev8900
2020-01-07 20:40:22
Сулейманды эмне учун олтурду айтып бергилечи тушунбодум
+1
bekmaral
2020-01-07 20:49:22
Акш баскынчы кайсы жерде нефть коп болсо ошол жерди басат .Ирак Ливия бут ушулардын койгон адамдары башкарат.А Иран андайды каалабайт.Ошонун башында сулеймани да бар ал акшга жаккан жок Кыска тушунук боюнча ушундай
+11
NeRiNa
2020-01-08 11:41:11
Олукту сасытып жерге бергенди мынча созушту,мусулман болушса тезирээк жерге беруу керек эмеспи. Тообо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан