Иранда генерал менен коштошуу зыйнатында каза болгондордун саны 50дөн ашты

3-январда Иранда экинчи таасирдүү адам болгон генерал Касем Сулеймани АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлгөн.

7-январда Керман шаарында маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты орун алып, анда элдин тыгынынан 50дөн ашык адам курман болду. Дагы 200дөн ашуун жаран жаракат алды. Бул тууралуу Иран басылмалары дарыгерлердин билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты. Каза болгондордун көбү эркектер.

Коштошуу зыйнатына миллиондон ашуун адам келгендиктен, акыркы сапарга узатуу иш-чарасы жылдырылды. Мындан тышкары, Ирандын бир нече шаарларында генералдын өлүмүнө байланыштуу акциялар дагы өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан