АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн учагы "Аль-Асад" базасынын учуп-конуучу тилкесинде ракеталык соккуга дуушар болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Тастыкталган маалымат боюнча, Ирактагы АКШнын аскердик базасында учуп-конуу тилкесинде бир учак жок кылынган.
Буга чейин 8-январга караган түнү АКШнын Ирактагы "Аль-Асад" аскердик базасына ракеталык-бомбалык сокку жасалган.
Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу чабуул жасагандан кийин, АКШны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик базаларын чыгарып кетүүгө чакырган. Ракеталык-бомбалык сокку 30дан ашуун ирет болду. Мындай сокку генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин чабуул жасаган тарап билдирген.