"Кумтөр" алтын кенинде айрым жумуштар бир айдан ашык убакыттан бери токтоп турат

"Кумтөр" алтын кениндеги айрым иштер 2-декабрдан бери токтоп турат. Маалыматты компаниянын басма сөз катчысы Марина Гаврилова тастыктап, буларга токтолду.

"Кумтөр" кениндеги өзгөчө кырдаалга жана тоо-кен казуу, жардыруу иштерине айрым уруксат кагаздарынын жоктугунан иштер убактылуу токтотулган. Тоо-кен казуунун жаңы иш планы бекитилип, уруксат берилгенден кийин жумуш кайра башталат. Кендеги башка кызматтар штаттык режимде иштеп жатышат", - дейт Гаврилова.

Мындан тышкары, ал кенде өзгөчө кырдаал боюнча буйрук 1-декабрда чыкканын, ошол эле көчкү жүргөн күнү 2 жумушчуну куткаруу-издөө иштери башталганын белгиледи.

1-декабрь күнү таңга маал "Кумтөр" кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар көчүп түшкөн. Андан кийин ал жердеги 2 кызматкер дайынсыз болуп жаткан, аларды издөө иштери дароо башталган болчу. Эртеси дайынсыз болуп жаткандар "Кумтөр" кениндеги бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезекчиси экендиги маалымдалган. Алар бүгүнкү күнгө чейин табыла элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Alimbek1000
2020-01-08 10:21:33
Кумтөрдү Садыр жапаров токтотуп койгон жокбу мен чыкмайынча иштебей тургула деп. Садыр өзү ким? Неге барымтага алат адамдарды?
-3
Snejana
2020-01-08 10:33:55
Alimbek1000,жинди го. Садыр камалып жатса эмне тиешеси бар Куторго. Турмодо жатып алып Кумторду токтотуш колунан келсе, турмодо эмнеге жатат дейм да. Ойлонсонор, жазат десе эле жаш баладай болуп жаза бересинерби. Же тушунугунор ушунчалыкпы. Жаш бала дагы мындай ой жугуртпойт.
0
Alimbek1000
2020-01-08 11:11:21
Snejana, Садыр Жапаров кумтөрдөн доля алып турган Бакиевдин кезинде. Кийин Бакиев качып кетип Кумтордөн доля түшпөй калган соң калп эле элге күйүмүш болуп Кумтөр маселесин көтөрүп чыккан ажбыш керек деп.
-3
adiaza
2020-01-08 18:59:56
Alimbek1000, эки киши кырсыктан дагы деле ушу кунго чейин табыла элек ошон учун убактылуу токтоп турат.
0
Absamat-90
2020-01-08 10:22:50
Кырсык да эмне дейт элек.Жакындарына компенсация толоп беруу керек. Канча киши жумушсуз калат эгер иш токтосо.
+2
chake
2020-01-08 10:24:25
Кум Төр мамлектин казынасын үчтөн бирин ушул толтуруп турат
-2
Kyrgyz_bloger
2020-01-08 11:00:57
chake,жалган айтпачы 6 миллиард сом тогот казынага,а бир жылдык казынадагы акча 100 миллиард сомдон ашат,кумтордон кийинки эле билайн,о,мега ком,эн коп тогот,жогорудагы Садыр Жапаров токтоткон жокпу деген Атамбевды дагы шыбаганды унутуп калдын,балким Акаев м.н Бакиев токтотту доодурогондун да чеги болот да
-2
Jaznura
2020-01-08 10:29:00
Кумтөрдө каза болгондордун үстүнөн жаназа окуп койсо эмне болот? Көп убакыт өтпөдүбү арадан.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан