Казакстандын Атырау облусунун Урал дарыясында муз жарылып, ага төрт бала түшүп кеткен. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты. Ага ылайык, окуя 4-январда болгон.
Балдарды куткарып жаткандагы окуя видеого тартылган. Анда муз алдынан куткарылып жаткан балдардын биринин “Апа, мен сизди жакшы көрөм” деп энеси менен коштошуп жатканын көрүүгө болот. Бактыга жараша бала аман-эсен куткарылган.
Кийин белгилүү болгондой, төрт бала музда ойноп жүргөн маалда муз жарылып, сууга түшүп кетишкен. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери Куандык Сүйүндүков жана Тимур Балмаганбетов барган. Үч баланы полиция аман алып калган. Тилекке каршы, төртүнчү бала куткаруучулар келгиче чөгүп кеткен.
Куткаруучу суучулдар чөгүп кеткен баланы издеп отуруп, 17:35 чамасында анын сөөгүн табышкан. Ал муз жарылган жердин 15-20 метр ары жагына кетип калган. Маалым болгондой, куткарылган балдар 11, 14 ,15 жашта болушкан. Учурда алардын абалдары туруктуу экендиги белгилүү болду.