Бүгүн, 8-январда Тегерандын аэропортунда кулаган Украинага таандык Боинг 737 учагынын бортундагы жүргүнчүлөрдүн бардыгы каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Учурда каза болгондордун аты-жөнү такталып жаткандыгы айтылууда. Куткаруучулар учактан чыккан өрттү өчүрүп жатышат.
Буга чейин учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө “техникалык мүчүлүштүктөн” улам кулаганы кабарланган. Анда учакта 180 жүргүнчү бар экендиги айтылган. Кийин такталган маалымат боюнча бортто 167 жүргүнчү болгондугу белгилүү болду.