Иран мамлекети 8-январга караган түнү АКШнын Ирактагы "Аль-Асад" аскердик базасына ракеталык-бомбалык сокку жасады. Чабуулдун кесепетинен 80 адам каза болгондугун чет элдик басылмалар жазышууда.
Батыш маалымат булактарынын билдиргенине караганда, каза болгондордун арасында Ирак жарандары дагы бар. Ракеталык-бомбалык соккунун кесепетинен канча адам жабыркагандыгы тууралуу маалымат жарыялана элек.
Ирандын Ислам революциясын коргоочулар корпусу чабуул жасагандан кийин, АКШны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү аскердик базаларын чыгарып кетүүгө чакырган. Ракеталык-бомбалык сокку 30дан ашуун ирет болду. Мындай сокку генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу экенин чабуул жасаган тарап билдирген.