Украинанын президенти Володимир Зеленский Украинага таандык учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу Зеленский өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыккан.
"Жакынкы Чыгыштан келген жаман кабар. Бүгүн эртең менен Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан учкан "Украинанын Эл аралык авиалиниялары" компаниясына тиешелүү учак аба майдандан алыс эмес жерден кулап түштү. Мен учакта каза болгон жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биздин элчилик кырсыктын себептерин жана каза болгондордун тизмесин тактап жатат" , - деген Зеленский.
Буга чейин учак Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан көтөрүлгөндө техникалык мүчүлүштүктөн улам кулаганы кабарланган. Анда борттогу 167 жүргүнчүнүн баары мерт болгон.