Владимир Путин жана Режеп Тайып Эрдоган Сулейманинин өлүмүнөн кийин Жакынкы Чыгыштагы абал тууралуу талкуулашты

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ирандын экинчи таасирдүү адамы болгон генерал Касем Сулейманинин өлүмүнөн кийин Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы билдирген.

Анын билдиргенине ылайык, буга чейин Владимир Путин Дамаскка барып, Сириянын өлкө башчысы Башар Асад менен жолугушуп Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, тилекке каршы, абал курч бойдон тургандыгын билдирген.

"Бул окуядан көп өтпөй (Касем Сулеймани өлтүрүлгөндөн кийин) биздин өлкө башчыбыз дипломатиялык иштерди жүргүзүп жатат. Бул маселеде талкуулоо Владимир Путиндин биздин өлкөдөгү сапарынын эң негизги сүйлөшүүлөрдөн болуп калды", - деп Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрагим Калын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Wibee
2020-01-08 14:39:00
Кыскасы карапайым тил мн айтканда 3-дүйнөлүк согуш бизнес учун акча учун согуш болот.
-9
AksyKum
2020-01-08 14:47:52
Wibee,абал курч дегени 3-дуйнолук согуш дегени эмес,абалды турукташтырсада болот.Кудайым озу сактасын бейкуноолордун каны тогулгондон
+2
Paol
2020-01-08 20:19:04
Wibee,тооба кылдым десениз
+4
akmanai
2020-01-09 01:25:03
Wibee,Оозунузга таш. Пейилинизди ондоп, ойлорунузду тазалап алыныз!
+2
Krai
2020-01-08 15:11:22
Кудайым сактасын ээ жер шарында тынчтык болсун
+4
Samatalibei
2020-01-08 15:25:26
Экинчи согушбу учунчубу эч эле согуш болбосун! Тынчылык болсунчу!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан