Тегеранда кулаган учактан каза болгондордун дене мүчөлөрүн 2 гектар аянттан топтоп жатышат

Ирандын "Тез жардам" кызматынын маалыматына таянып жазылган кабарларга ылайык, аталган өлкөдө кулаган учактагы адамдардын дене мүчөлөрүн 2 гектар аянттан топтоп жатышат. Анда жазылгандай, каза болгондордун ким экенин таанып билүү кыйынга турат, себеби дене мүчөлөрү катуу жабыркаган.

Ушул учурда учак кулаган аймактан куткаруучулар, "Тез жардам" кызматкерлери көз жумган жүргүнчүлөрдүн дене мүчөлөрүн соттук-медициналык экспертизага берүү үчүн топтоп жатышат. Ал эми өрт өчүрүүчүлөр кулаган учактын күйүп жаткан бөлүктөрүндөгү өрттү өчүрүү иштерин улантышууда.

Буга чейин маалымдалгандай, бүгүн, 8-январда Тегерандын аэропортуна Украинага таандык Боинг 737 учагы кулаган. Анын бортунда 167 жүргүнчү болгон, бирок алардын баары кырсыктан каза болду.

Бири да аман калган жок. Иранда 167 жүргүнчүсү бар учак кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан