"Кыргыз мамлекети - Австралия беттешинде балдар мамыга чыгып, ток уруп, жаракат алышкан". Белгилүү европалык сайт кыргыз футболу тууралуу жазып чыкты

Белгилүү европалык сайтка кыргыз футболу, футболчулары тууралуу маалымат чыкты. Анда футбол күйөрманы, блогер Тимофей Загорский Кыргыз өлкөсүнө болгон сапары тууралуу жазган. Макалада Тимофей эки жыл мурун Кыргыз өлкөсүнө келгенин айтып, элдин жарды жашаарына, көк бөрү оюнуна укмуш кызыгарына токтолгон. Блогер кыргыз футболун да айланып өткөн эмес. Ал көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө спорт фотобаянчысы болуп иштеген Наталья Угрюмова менен болгон маегин жарыялаган. Анда Угрюмова кызыктуу окуя катары Кыргыз өлкөсүнүн Австралия менен болгон беттешин атаган.

"Австралия менен беттеш кыргыз футболунда эң көп күйөрман топтогон оюн болду. Элдин баары оюнду көрүүгө ашыгып, билети барлары деле, жоктору деле стадионго агылып жатышты. Оюнду көрөм деп мамыга чыгып алган балдарды ток уруп, кулап, көп жаракат алышты. Бул жапайычылык, көпчүлүк билет алгандар "жакшы отуруп футбол көрөйүн дегем, келсем ордумду ээлеп алышыптыр" деп арызданышты. Айрымдары билети болсо деле экинчи таймда араң стадионго киришти. Анткени биринчи таймда киши абдан көп болгондуктан, тыгын укмуш болду. Стадион негизи 18 200 кишиге ылайыкташкан, анда 25 миңге жакын көрүүчү келген", - деп маек берген Угрюмова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2020-01-08 17:47:25
Кечээ эле евроспорттун сайтынан окуп чыккан болчум.Бирок болгон нерсенин баарын жазган,бизде чынында ошондой,ага эч арданбашыбыз кере
+2
bema_bema
2020-01-08 18:53:00
Коруп кулкун келет суротдо аркага чыгып алгандарды коруп)))., анан не кылышсын стпдион куруп койсун чонураак уялышса чондор ушуну окуп.
+4
Shef87
2020-01-08 19:18:54
Бизде мал көп
0
titanik32
2020-01-08 19:24:48
Кечиресиздер ушул жерге жазышка туура келди.
Алмаз Тажыбай,Марат Казакбаев серепчипуруштар Америка Иран согушу болуп жатса өзүңөрдүн жомогуңарды токуй баштайсынар да как всегда.Эки мамлекет урушса бизге эмне зыяны тиймек эле.?же Ирандыктар аткылап жибермек беле.Жөө жомогуңарды садике барып айткылачы.
-2
bekmaral
2020-01-08 20:42:16
titanik32,иран америкага жардам берсе оаэ ни израилинди кошуп ###### туйруйт
-2
Agayu
2020-01-08 19:32:12
Моюнга алыш керек , бирок азыр шугур Япон футболчулардан кийин
+1
zevs
2020-01-09 13:26:25
Ne boldu owondo futbol talaasy kurula turgan boldubu. Je jerdi jep koydubu dagy
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан