Бүгүн, 8-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Дүйшөнбек Зилалиевге карата кылмыш иши боюнча соттук отуруму өттү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү соттук отурумда тизме боюнча 2 күбө суралды. Бул ишке бөлүнгөн убакыт соңуна чыккандыгына байланыштуу соттук отурум 15-январь күнү саат 14:00гө жылдырылды.