Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда "эне-баланы өлтүргөн” деп шектелген 28 жаштагы жаран колго түштү
Бишкектин Ак-Босого жаңы конушунда 15-августта “бир аялды жана анын 5 жашар баласын өлтүргөн” деп шектелип, ысык-көлдүк 28
жаштагы А.М. аттуу жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы
кылмышка шектүү жаран маркумдардын тууганы экенин кабарлайт. Өлтүрүлгөн айым 1968-жылы туулган А.Инин топтоп жүргөн акчасы
бар экенин угуп калган шектүү, 13-августта анын үйүнө келип жаткан. Саат 23:00 чамасында аялды муунтуп, акча кайсы жерде экендигин сураган. Акча
тууралуу маалымат алган соң аялга кошуп 5 жашар баласын өлтүрүп, 125 миң
сомду алып кеткен. Кылмышка шектүү 14-15-август күндөрү интернет клубдардын
биринде ойноп, тоноп алган акчасын уттурган. Учурда ал убактылуу кармоочу
жайга камалып, тергөө жүрүүдө.