Мектеп окуучуларынын математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча альтернативдик олимпиадасынын экинчи этабы 18-январда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, олимпиада химия, информатика предметтери боюнча 18-19-январь, математика, физика - 25-26-январь жана биология предмети боюнча 1-2-февралда өтөт.
"Ар бир предмет боюнча экинчи тандоо туру онлайн режиминде эки күн болот. Мында олимпиаданын биринчи турунан эң жогорку балл алган окуучулар катышат. Биринчи күнү техникалык себептерден улам олимпиадага катыша албай калгандар экинчи күнү сынактан өтсө болот. Анда татаалдыгы бирдей, бирок башка тест берилет.
Ар бир предмет боюнча эң жогору балл алган 100дөн ашпаган окуучу үчүнчү турга жолдомо алат. Жыйынтыктоочу үчүнчү этап февраль айында оффлайн режиминде өтөт. Мектеп окуучулары үчүн альтернативдик олимпиаданын биринчи туруна 2918 окуучу катышып, экинчи этапка 1606 окуучу өткөн", - деп жазылат маалыматта.