Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормадан жогору

Бүгүн, 8-январь саат 22:20га карата Бишкектеги "Ош базарынын" айланасында абанын булганышы нормадан жогору. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.

Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды "Эйрказ.орг" сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.

Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде учурдагы көрсөткүч - 79 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 68). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.

Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде 69 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 67).

Чыгыш-5 кичи району – 55 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 47).

7-кичи район - 39 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 56).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан