90-жылдардагы белгилүү ырчы Андрей Губин сахнага кайтып келбестигин айтып чыкты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, бир ай мурун саунд-продюсер Тарас Ващишин жергиликтүү журналдардын бирине берген маегинде Андрей Губин чыгармачылыктын үстүндө иштеп жаткандыгын, жакын арада сахнага жаңы чыгармалары менен кайтып келе тургандыгын жазып чыккан. Бул билдирүүсүнөн кийин бир канча продюсерлер жана журналисттер Андрей Губинге байланышканда, ал сахнага кайтып келүү ниети жок экендигин билдирген. "Бул болбогон кеп. Сахнага эч качан кайтып келбейм жана ырдагым да келбейт. Тарас эмне үчүн бул тууралуу жазганын билбейм", - деп жооп берген.
Ырчы психикалык оору менен жабыркай тургандыгы айтылат. Тааныштары болсо аны майыптуулукка чыгаруу керектигин айтышкан. Ал эми ырчы нерв системинин оорусунан жабыркай тургандыгын айтып келет. Буга чейин Андрей Губиндин сахнага кайтып келүүгө камынып жаткандыгы тууралуу Тарас Ващишиндин билдирүүсү жазылган.