ӨКМнын маалымат кызматы бир аптага карата, тагыраагы, 15-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.
Ага ылайык, 10-январда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 10-январда күндүз жана 11-январда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, Нарын облусунун айрым аймактарында кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, 9-январда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
12-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында кардын жаашы күтүлбөйт.
13-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 13-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн.
Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
14-15-январда туруксуз аба-ырайы сакталып турат. 14-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында, 15-январда айрым райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.