Эл аралык Күрөш федерациясы Айсулуу Тыныбековага 20 миң доллар берет

Спортчу Айсулуу Тыныбековага эл аралык Күрөш федерациясы 20 миң доллар төлөп берет. Бул тууралуу федерациянын сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын аягында федерация дүйнө жүзүндөгү кыз-келиндер арасындагы эң мыкты балбандардын үчилтигин жарыялаган. Аталган тизмеде кыргыз балбаны топтогон жалпы 94 упайы менен 2-орунга жазылган.

2-орунду алганы үчүн федерация Тыныбековага 20 миң доллар төлөп берет. Ал эми дүйнөдөгү эң мыкты балбан болуп америкалык Тамира Менса аталган, ага федерация 30 миң доллар төлөп берет.

Айта кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага президенттин энчилүү сааттарын тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bars88
2020-01-09 12:42:55
Сыйлык кут болсун
+6
Jelezo
2020-01-09 12:50:16
Азаматсын
+3
bessmertiy
2020-01-09 16:54:42
Сыйлык кут болсун балбан кыз! Дагы да көп-көп ийгиликтерге жетишиңди каалайм!
+1
akmanai
2020-01-10 00:33:30
Дуйнодогу эн мыкты делген 3 адамдын бири болуу эмне деген сыймык!Эмгек менен бийиктике чыгуунун эн сонун мисалы Айсулуу.
+3
ulua
2020-01-10 05:43:08
Айсулуу, азамат!
0
omurbekFCB
2020-01-11 01:24:06
Кыргызстандын сыймыгы!!!
0
Baku88
2020-01-11 12:09:34
Анча мынча эркек соройлорго караганда эрки кучтуу мыкты айым канатын кайрылбасын бийиктерди багындыра бер азамат кыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан