Бишкекте күрөш боюнча өлкө чемпиондугу башталды

Бүгүн, 9-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эркектер арасындагы күрөш боюнча өлкө чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирде жалпысынан 10 медалдар топтому ойнотулат. Биринчи күнү 5 медалдар топтому ойнотулуп, килем үстүнө жалпы 95 балбан чыгат.

9-январда килемге чыкчу салмак чендери:

57 килограммга чейинки салмак ченинде - 21 катышуучу;

65 килограммга чейинки салмак ченинде - 30 катышуучу;

74 килограммга чейинки салмак ченинде - 11 катышуучу;

86 килограммга чейинки салмак ченинде - 24 катышуучу;

97 килограммга чейинки салмак ченинде - 9 катышуучу.

Чемпионат 11-январга чейин уланат. Анын жыйынтыгында күрөш боюнча лицензиялык турнирлерге катышуу үчүн күрөш боюнча Кыргыз курама командасы түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан