ЭЛДИК ВИДЕО: Бешинчи кабатта терезе сыртында басып жүргөн баланы Кудай сактады

"Баланы периштелер коргоп жүрөт дешет". Мына ушундай билдирүүлөр жазылган видео интернет колдонуучуларынын көп көргөнү болду. Видеого болжол менен 2-3 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн терезесинен чыгып, дубалга уланган тар текче менен басып жүргөнү тартылган. Ал түз эле капталындагы балконго келип, ал жерден өтүп кетүүгө аракет көрүп, бирок аттап өтө албай кайра артка кайткан. Кайтып келе жатып далысы менен дубалга урунуп кеткен. Бул учур видеону көргөндөрдү өзгөчө чочутканын жазышат интернет колдонуучулары.

Тараган видеонун алдында жазылган билдирүүгө ылайык, ал Испанияда тартылган. Кыз бешинчи кабатта дубалдагы текче менен басып жүргөндө апасы жуунуучу бөлмөдө болгондугу жазылган.

Бешинчи кабатта терезе сыртында басып жүргөн баланы Кудай сактады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baatirbek81
2020-01-09 16:51:01
Кудай сактаптыр!
+2
Belek1710
2020-01-09 17:34:14
Жүрөгүң түшөт го бул жакта туруп, Кудай сактаптыр да.
+2
bema_bema
2020-01-09 19:54:34
Кудай сактаптыр, оозума тыгылып калд
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан