8-январь күнү Кот-д`Ивуар өлкөсүнүн Абиджан шаарынан Парижге учкан учактын шасси орнотулган бөлүгүнөн 10 жаштагы баланын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Air France" компаниясы адамдын жансыз денеси табылганын тастыкташты. Каза болгон бала болжолдуу 10 жашта жана теги африкалык болгон. Полиция мындай окуялар чанда гана болорун жана шасси орнотулган бөлүккө кирип алган адам суук аба ырайына, аба жетишсиздигине жана шассинин тебелеп кетүү коркунучунан улам аман калышы мүмкүн эмес дешет.
Учурда бул окуя боюнча Африка аэропортунда коопсуздук сакталбаганына байланыштуу териштирүү иштери жүрүүдө.
Эске салсак, буга чейин деле шасси орнотулган бөлүккө жашырынып мыйзамсыз жол менен Европага барууга аракет кылган мигранттар болгон. Алардын көпчүлүгү Африкадан учкан каттамда катталып, мигранттар суукка тоңуп же катуу жаракат алып каза болушкан.