2019-жылдын башынан тартып Конго Демократиялык Республикасында кызылча (корь) оорусунун кесепетинен 6 миңден ашуун адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аталган ооруну жок кылуу үчүн кошумча каражат бөлүүнү суранууда. Уюм берген маалыматына ылайык, учурда Конгодо дүйнө жүзүндө боло элек абалда инфекция күч алып жатат. Январь айынан бери 310 миң адам ооруга кабылганы аныкталып, алардын басымдуу бөлүгү жаш балдар болууда. Эпидемиядан улам 18 миллионго жакын 5 жашка чейинки балдарга вакцина сайылган. Ага карабай эпидемияны токтотуу мүмкүн болбой жатат. Анткени көпчүлүк аймакта балдар аз тамак жеп, иммунитети төмөн болууда. Бул өз кезегинде эпидемиянын күчөшүнө алып келүүдө.