Кыргызстанда акыйкатчылык кызматка 54-талапкер каттоодон өттү. Ал экс-юстиция министри Марат Кайыпов экенин парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Айта кетсек, июнь айында акыйкатчылык кызмат бош калып, 3-июлда Жогорку Кеңеш тарабынан ал кызматка талапкерлерден арыздарды кабыл алуу башталган. Документтерди кабыл алуу 15-августта аяктап, 53 талапкердин тизмеси жарыяланган. ЖКнын басма сөз кызматы тизме такталып, талапкерлердин катарына Кайыпов кошулганын билдирет.