Стамбулдун аэропортунда туристтердин атын жазып алып тосууга тыюу салынды

2020-жылдын 1-январынан тарта Стамбулдун эл аралык аэропортунда туристтик компаниялар аркылуу келген туристтердин аты-жөнүн жазып алып тосууга тыюу салынды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышат.

Жаңы эрежеге ылайык, компаниянын өкүлү тартипти бузуп, туристтин атын жазып алып тоссо 48 евро өлчөмүндөгү айыпка жыгылат.

“Түркияга баргандарды эми туугандары менен жакындары, достору гана тосуп алат. Ал эми туристтерди кабыл алуу үчүн өзүнчө зал ачылды. Туроператорлор мындай ыкмага каршы чыгып жатышат. Себеби жүргүнчүлөр паспорттук көзөмөлдөн өтүп, жүгүн алып, анан кайрадан залга барганы ыңгайсыз экенин белгилешкен. Түркиянын туроператорлор союзу дагы (TURSAB) мындай регламентке каршы экенин билдиришип, ага карата укуктук коргоо каражаттарын колдонорун айтышкан”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан