Бишкекте 18-августта "Тез жардам" автоунаасы катышкан жол кырсыгы болду. Окуя Манас-Москва көчөлөрүнүн кесилишинен орун алып, Мазда менен сүзүшкөн "Тез жардам" автоунаасы оодарылып кеткен. Маалымдалгандай, айдоочу жана 3 медицина кызматкери жеңил жаракат алган. Мазданын айдоочусу учурда ооруканалардын биринин жандандыруучу бөлүмүндө жатат. Кырсыктын чоо-жайын тиешелүү орган иликтөөдө.