ЭЛДИК КАБАР: "Кадамжай районунда Кыргыз, Тажик, Өзбек жарандары ынтымакты чыңдоо максатында көк бөрү оюнун уюштурду" дейт окурман

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Бирлик айыл аймагында Кыргыз, Өзбек, Тажик жарандары "ынтымакты, достукту чыңдоо максатында 31-декабрь күнү көк бөрү оюнун уюштурду" деп билдирди Элдик кабар бөлүмүнө окурман.

Окурмандын айтымында, мындай оюндар аталган айылда көп жолу өткөрүлүп турат.

"Биздин айыл аймакта ынтымакты чыңдоо максатында оюндар өткөрүлүп келет. Байгени жергиликтүү депутаттар коюшат", - дейт ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кадамжай районуна караштуу Бирлик айылындагы Кыргыз, Тажик, Өзбек жарандарынын көк бөрү оюну
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан