Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 8-январда кулап түшкөн Украинага таандык учак Иран ракетасы менен атып түшүрүлгөнүн айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Трюдо бул кырсык өтө кылдат иликтениши керектигин билдирген.
"Бизде учак Иран ракетасы тарабынан атылган дегенге негиз болуучу көптөгөн булактардан алынган күбөлүктөр бар. Авиакырсыкта Канаданын 63 жараны каза тапкан. Канада Боингдин кыйрашы боюнча суроолорго жооп берүүнү талап кылат. Канада өкмөтү бул жоопторду алмайынча тынчтанбайт" , - деген Трюдо.
Канаданын премьер-министринин билдирүүсүнөн кийин Улуу Британиянын өкмөт башчысы Борис Джонсон дагы буга окшош билдирүү тараткан. Ал учак “жер-аба” классындагы Иран ракетасы менен кокустан атып түшүрүлгөн болушу ыктымал экенин билдирген.
Буга чейин америкалык басылмалар АКШ өкмөтүндөгү көз карандасыз булактарга таянып, украиналык авиалайнер Иран ракетасы тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөнүн жазышкан. Ал эми Иран тарап мындай божомолду “абсурд” деп атаган. Ошондой эле америкалык "Си-би-эс" маалымат компаниясы радарлар ракеталык инфрокызыл нурларын аныктаганын, анын артынан эле учак жарылып кеткенин америкалык чалгындоо кызматындагы булактарга таянып айтып чыккан.