Испания Суперкубогунун финалында 2 мадриддик клуб беттешет. Алар "Реал Мадрид" жана "Атлетико Мадрид".
Буга чейинки оюнда "Атлетико" азыркы таптагы чемпион "Барселонаны" 3:2 эсеби менен жеңип алышкан. Ал эми "Реал Мадрид" "Валенсияны" 3:1 эсебинде жеңген. Жеңишке жеткен 2 команда 12-январдан 13-январга караган түнү Сауд Арабиясында финалдык оюнда кез келет.