"World of Tanks'тин" негиздөөчүлөрүнүн бири Вячеслав Макаров 2020-жылдагы өтө турган регионалдык жана 2021-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн партия түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазууда.
Ага ылайык, жаңы түзүлө турган "Түз демократияга карай" партиясынын съезди 5-мартка пландалган. Уюштуруу тобунда Макаровдон тышкары "Яндекс.Акча" ("Яндекс.Деньги") юридикалык сервис кызматынын орун басары Борис Чигидин, "Unwired Devices" компаниясынын генералдык директору Олег Артамонов, "Жандуу журналдын" ("Живого журнала") мурунку продюсери Тимофей Шевяков жана Евразиялык байланыш борборунун директору Алексей Пилько бар. Партиянын курамына IT-компаниянын жумушчулары чакырылган. Мындан сырткары, Макаров партиянын мобилдик блокчейн-тиркемеси болорун айтып, ага миллион доллар каражат коротууга даяр экендигин билдирген.
"Көптөгөн IT-компаниялары чоң суммадагы салык кызматын төлөп келишет жана алар жергиликтүү аймактардагы көйгөйлөрдү жакшы билишет", - деген Макаров.
Макаров "World of Tanks" долбоору менен иштеп келет. Ал 2010-жылы чыккан. Видео оюндун ойлоп табуучулары жана иштеп чыгуучулары - булар "Wargaming.Net" Беларусь өлкөсүнө таандык компания. Компания Кипрде каттоодон өткөн. Ал жакта алардын штаб-квартирасы жайгашкан. Компаниянын кеңселери Орусияда, Беларуста, Украинада жана Германияда дагы бар. "Wargaming'дин" ээси Беларустун жараны Виктор Кислыйга таандык. "World of Tanks" оюнун Орусияда бир жыл ичинде 3 миллион адам ойнойт деп жазылган маалыматта.