Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында Бишкек шаарында 46 бала тилемчилик кылып жүргөнүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, алардын 37си башка облустардан келген балдар. Ошондой эле 9 аял балдары менен кайыр сураса, алардын жетөө Тажикстандын тургундары. Учурда бардык балдар өз үйлөрүнө жана кароосуз калган балдарды реабилитациялоочу борборго жеткирилишкен.